Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.08.2015 09:10

Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургуну мас абалында май куйуучу жайдан чатак чыгарды

Turmush -  Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургуну мас абалында келип, май куйуучу жайдан бензиндин акчасын төлөбөй чатак чыгарган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалым болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Саруу айылынын тургуну И.Б., аттуу айым арыз менен кайрылган. Арызында 15-август күнү саат 5.30 чамасында айылдашы К.У., мас абалында Кызыл-Суу айылында жайгашкан «Петролеум» май куйуучу жайына келип , бензин куйдуруп, акчасын төлөбөй, бейбаштык кылгандыгын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×