Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.08.2015 15:01

Жети-Өгүздөгү Дархан айылындагы клубдун курулушу аяктоо алдында

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы клубдун курулушу аяктоо алдында. Бул тууралуу «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» фондунан маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Учурда Дархан айылындагы клубдун жылуулук тутуму жана суу түтүктөрү жасалууда. Ошондой эле, клубду эмерек жана башка жабдуулар менен камсыздоо маселеси чечилип жатат.

Дархан айылындагы клубдун курулушуна жалпысынан 28 млн 176 миң 260 сом бөлүнгөн. Курулуш иштери «ЭМГкурулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×