Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.08.2015 17:27

Жети-Өгүздүн Жалгыз-Өрүк айылындагы мектептин терезелери жаңыртылууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Жалгыз-Өрүк айылындагы мектеп оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Талант Бектурганов билдирди.

Анын айтымында, мектеп 1975-жылы 550 окуучуга негизделип курулган. Андан бери эшик, терезелери алмаштырылган эмес. Эки уюмга долбоор жазылып, 400 млн сом бөлүнгөн. Учурда мектептин 31 терезеси пластикалык терезелерге алмаштырылды. Дагы 21 терезе жаңыртылып, жаңы окуу жылына 100%га даяр болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×