Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.08.2015 14:01

Жети-Өгүздөгү жаңы конуштардын тургундары жер салыгын толук төлөбөй, мамлекеттин жарым жылдык тапшырмасы аткарылган жок

Turmush -  Жети-Өгүз районунда салыктын айрым түрлөрү боюнча 6 айлык план аткарылган жок. Райадминистрациянын маалыматына ылайык, райондун айылдарындагы конуштардан алынуучу жер салыгы боюнча пландагы 1 млн 624,1 миң сомдун 1 млн 538,6 миң сому жыйналды. Бул көрсөткүч менен план 94,7%га аткарылды.

Бирдиктүү салыктын түрү боюнча план тапшырма 134,7 миң сом болсо, 130 миң сом чогултулуп, план 97%га аткарылган.

Сатуудан алынуучу салык боюнча 13 млн 789,9 сом чогулуп, өткөн жылга салыштырмалуу 640,2 сомго аз жыйналды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×