Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.08.2015 11:08

Жети-Өгүз районунда жаңы окуу жылында 15 мектепте ысык тамак бериле баштайт

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жаңы окуу жылында 15 мектепте ысык тамак берилет. Бул тууралуу Жети-Өгүз райадминистрациясы маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Кыргыз Республикасында мектеп тамагын оптималдаштыруу» долбоору боюнча райондогу 11 мектепте ысык тамак берилип жаткан. Ошондой эле, быйылкы жылдын 1-апрелинен баштап Тамга, Ж.Жунушев, Т.Мурзабеков атындагы орто мектептерде 1-4-класстардын окуучуларына ысык тамак бериле баштаган.

Ал эми, 2015-2016-окуу жылынан тарта Ленин атындагы орто мектепте ысык тамак бериле баштайт. Жалпысынан быйыл 15 мектепте ысык тамак берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×