Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.09.2015 12:37

Жети-Өгүз РИИБге бир күндө мушташтан жабыркаган 2 адам кайрылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир сутка ичинде мушташтан жабыргаган 2 адам кайрылды. Мындай маалыматты, Жети-Өгүз РИИБдин башчысы Тилек Түкебаев билдирди.

«Бизге Каракол шаарынын 1960-жылы туулган тургуну А.К. арыз менен кайрылды. Анын арызында Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын тургуну аны сабагандыгы айтылат. Алардын ортосундагы жаңжал пикир келишпестиктен улам келип чыккан. Ошондой эле Чоң-Жаргылчак айылынын 1992-жылы туулган тургуну Б.К. 29-августта аны тааныган 3 бала сабап кеткендигин айтып, кайрылды. Учурда экспетриза жана кылмыш иликтөө иштери жүрүп жатат», - деди Т.Түкебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×