Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.09.2015 15:05

Фоторепортаж - Жети-Өгүздүн Дархан айылында балдар авариялык абалдагы мектепте окушат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Аблай Сатылганов атындагы мектебинин окуучулары авариялык абалдагы мектепте окууга аргасыз, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Дархан айылдык кенешинин төрөгасы Талантбек Молдалиевдин айтымында, мектепте эки имарат бар. «Алардын бирөө 2007-жылы салынып, ишке берилген. Бирок ал 240 окуучуга гана ылайыкталгандыктан мектепте окуган 600 баланын көбү 1937-жылы курулган эски имаратта билим алат. Ал төө кирпич менен пайдубалы жок салынган. Азыр чатыры урап калуу коркунучунда. Эгерде кокустук болсо, коопсуздука ким жооп берет?» - дейт ал.

Т.Молдалиев кошумчалагандай, учурда 750 орундуу 2 кабаттуу жаңы мектепти салууга долбоор даярдалды. «Бирок өкмөт каражаттын жоктугун айтууда», - дейт ал.

Белгилей кетсек, айылда 1500 түтүн жашап, эки мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×