Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.09.2015 10:32

Ысык-Көлдө элдик өнөрдү аркалаган жергиликтүү тургундар тасмага тартылууда

Turmush -  Кыргыз элинин руханий баалуулуктарын жыйноо максатында Ысык-Көл облусунда илимий кызматкерлерден турган топ жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын «Манас» бөлүмүнүн ага илимий кызматкери Мурат Садыров билдирди.

Ысык-Көлгө Улуттук Илимдер Академиясынын 5 илимий кызматкери келген. Алар облус аймагындагы элдик өнөрдү аркалаган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүүдө. Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондунун жетекчиси Асел Исаева белгилегендей, жолугушуу учурунда бүркүт таптап, тайган салгандар тасмага тартылууда. Илимий экспедиция өлкөнүн башка облустарында да өткөрүлүп, натыйжада атайын жыйнак чыгарылары күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×