Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.09.2015 11:49

Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун салык органдары салык төлөөчүлөрдү «Бирдиктүү терезеде» кабыл ала баштады

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Жети-Өгүз жана Тоң райондору боюнча башкармалыктарында «Бирдиктүү терезе» иштей баштады.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, анын расмий ачылышына аталган ведомствонун төрагасы Замирбек Осмонов, жергиликтүү бийлик органдары, салыкчылар, ошондой эле салык төлөөчүлөр катышты.

Салык кызматынын кызматкерлери «Бирдиктүү терезеде» салык төлөмдөрүн, отчётторду, эсептерди жана декларацияларды кабыл алышат, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү каттоо, патент берүү жана узартуу иштерин жүргүзүшөт. Мындан тышкары, социалдык фонд сыяктуу башка мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү кызматтар да көрсөтүлөт. Ошону менен бирге, бул жерде салыктын керектүү суммасын төлөө үчүн банктын кассасы, төлөм терминалы жайгашат. «Иш жүзүндө бул аянтча, жарандарга жана салык төлөөчүлөргө комплекстүү салыктык кызмат көрсөтүүдө эң ыңгайлуу», – деди Салык кызматынын төрагасы.

«Бирдиктүү терезе» принциби салыктык тескеп-башкаруу жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында киргизилген. «Салыктык кызмат көрсөтүүнүн заманбап формасын колдонуу – салык милдеттенмесин аткаруу боюнча процедураларды жеңилдетет. Мурда жарандар салык төлөөдө, салык органдарына документтерди жана отчётторду тапшырууда, маалымкаттарды алууга сарптаган эмгек убактыларын бир кыйла кыскартат», - деди З.Осмонов салык төлөөчүлөр менен жолугушуунун жүрүшүндө.

Эскерте кетсек, азыркы учурда 34 салык органында «Бирдиктүү терезе» иштеп жатат. Салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу ушундай эле инфраструктура жакынкы мезгилде дагы бир нече шаарларда жана райондордо пайда болот.

Белгилей кетсек,З.Осмонов Жети-Өгүз жана Тоң райондору боюнча салык кызматтарынын аймактык-обочолонгон жумуш орундарындагы иштердин уюштурулушу жана материалдык-техникалык жабдуусу менен таанышуу максатында барды. Өзгөчө көңүл салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча жасалып жаткан иштердин натыйжалуулугуна жана сапатына бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө салыкчылардын иштери менен жеринде таанышып, жарандар менен сүйлөштүү менен бирге салык органынын жетекчилерине кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде алардын иштеринин жыйынтыктары чыгарылып, кыйла көйгөйлөрдү жаратып жаткан учурлар каралды. Негизги маселелер жана багыттарды аныктоо менен айрым маселелер боюнча тапшырмалар берилди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×