Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.09.2015 14:39

Жети-Өгүздүн Дархан айылында 18 млн сомго курулган спорт ордосунда бир жылдан бери штат маселеси чечилбей жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылында былтыр, 2014-жылдын октябрь айында ишке бирилген «Желдең-Ата» спорт ордосунда бир жылдан бери штат маселеси чечилбей келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз районун эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Каныбек Сартовдун айтымында, учурда ал жерде Абылай Сатылганов атындагы мектептин окуучулары дене тарбия сабагын өтүүдө. «Штат маселеси чечилсе жакшы болмок. Кароолчу болсо, айланасына таштанды таштагандарга көзөмөл кылмак. Имаратты кароо, кайтаруу да керек да. Учурда  бир машыктыруучу, жетекчи, кароолчу жана тазалыгын караганга төрт адамга штат сурап жатабыз», - дейт ал.

Ошондой эле, спорт ордону дене тарбия жана спорт агенттигине өткөрүү каралууда.

«Спорт ордону курууга жалпы 18 млн сом сарпталган. Анын 15 млн сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан берилген.  Ушунча каражатты текке кетирбей, спорт ордо туруктуу иштегидей штат маселеси тезирээк чечилсе», - дешет тургундар.

Белгилей кетсек, аталган спорт ордосу Союз кезинде кампа катары колдонулуп келген.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×