Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.09.2015 11:29

Фото - Жети-Өгүздө тарбиячылар бала бакчанын короосун желим бөтөлкөлөрдөн жаныбарларды жасап, кооздошту

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу  айылындагы «Нур» бала бакчасынын короосунда желим бөтөлкөлөрдөн жасалган жаныбарлар пайда болду, деп билдирет Turmush басылмасын кабарчысы.

Бала бакчанын тарбиячысы Айнура Ондонованын айтымында, жаныбарларды эмгек жамааты  өз колдору менен жасашты. «Балдарга жаӊы окуу жылында жаӊы кубаныч тартуулайлы дедик. Ар ким өзүнүн чыгармачылык жөндөмүнө карата ар кандай жаныбарларды жасашты. Бөбөктөр аларды көрүп, кубанып, кайсы жаныбар экенин да айтууда», - дейт ал.

Белгилей кетсек, аталган бала бакча бир жылдан бери иш алып барат. Учурда бакчанын төрт тайпасында 200гө жакын бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×