Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.09.2015 16:29

Жети-Өгүз РЭСте 5 жылдан бери пайдаланылган электр энергиясы мыйзамдуу эсептелбей келгендиги белгилүү болду, - УКМК

Turmush -  УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө учурунда Жети-Өгүз райондук электр станциясында 5 жылдан бери пайдаланылган электр энергиясы мыйзамдуу түрдө жазылбай келгендиги белгилүү болду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдын июль айынан 2015-жылдын март айына чейин РЭСтин жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Көл-Кечүү» насостук станциясынын электр энергиясын колдонуу эрежесин бузгандыгы тууралуу бир нече жасалма актыларды түзүп, дебитордук карызды 2 млн 697,8 миң сомго жеткирген. Муну менен жалган эсептелген жалпы дебитордук карыз салык жана туумду эсепке алганда 4 млн 408,8 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча 3-сентябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдарынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы), 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×