Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.09.2015 10:11

Жети-Өгүздө 1 жаштагы баладан кургак учуктун медициналык дарыларга туруктуу формасы байкалды

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында бир жаштагы баладан кургак учуктун медициналык дарыларга туруктуу формасы байкалган. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарындагы республикалык реабилитациялык борборунан Turmush басылмасыныны кабарчысына маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылда Ысык-Көл районунда 1 бала кургак учукка катталган болсо, быйыл 2 бала аталган илдетке кабылды. Түп районунда өткөн жылы 1 бала кургак учук илдетин жугузуп алган болсо, үстүбүздөгү жылдын 8 ай ичинде 3 бала бул оорудан жабыркап келет.

Тоң районунда өткөн жылы балдар арасында кургак учук оорусунун бир дагы учуру катталбаса, быйыл бул дартты 3 бала жугузуп алган. Жети-Өгүз районунда өткөн жылы кургак учукка кабылган балдардын саны 3 болсо, быйыл 4 бала аталган оору менен катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×