Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.09.2015 14:39

Жети-Өгүздө 1 жаштагы кыз уктап жаткан жеринен тумчугуп каза болду

Turmush -  Жети-Өгүз рйонундагы Кызыл-Суу айылында 1 жаштагы кыз уктап жаткан жеринен тумчугуп каза болду. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдиргендей, 26 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Гүлзат 2014-жылы төрөлгөн кызын уктатып коюп, өзү короодогу жумуштар менен алектенип жаткан.

Бир аз убакыт өткөн соң кызынын уктап жаткан жерине барып, анын дем албай жатканын көргөн.

«Баланын бетине материал жабылгандыктан аба жетпей калган. Текшерүү учурунда анын денесинен күч колдонулган белгилер табылган жок», - деп айтылат маалыматта.

Бир жаштагы кыздын денеси Жети-Өгүздөгү аймактык оорукананын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×