Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.09.2015 09:32

Жети-Өгүздүн Богатыревка айылында 80 жыл мурда салынган ФАПтын ордуна жаңы имарат  курулат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылына ФАП куруу пландалууда. Бул тууралуу Липенка айыл аймагынын башчысы Болот Сулайманов билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Сулаймановдун айтымында, айылдагы ФАПтын имараты 80 жыл мурун 1930-жылдары курулуп, учурда эскилиги жеткен. Анда 2 медициналык кызматкер эмгектенип келет. Ал эми, айылда 1224 адам жашайт.

ФАП айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен курулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×