Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.09.2015 15:56

Орусиянын жараны Ысык-Көл облусундагы төрөт үйүнөн 50 миң сомго ымыркай сатып алганы ачыкка чыкты

Turmush -  Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси («Адамдарды сатуу») боюнча козголгон.

«Ушул жылдын 14-августунда Барскоон айылындагы төрөт үйүнө Н.А. аттуу аял келип, кыз төрөгөн. Ал төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүлгөн келишим боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайды Орусиянын жараны А.К. аттуу айымга 50 миң сомго сатып жиберген. Ошондой эле, керектүү документтер орусиялык айымдын атына мыйзамсыз түрдө жазылган», - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×