Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.09.2015 10:01

Жети-Өгүздө ымыркайдын россиялык аялга сатылышы: Жогорку Кеңештеги депутаттын эжеси ата-энеси жок кызды жасалма документ менен төрөткөн

Turmush -  Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында жаңы төрөлгөн бала Россиянын жараны болуп эсептелген айымга 50 миң сомго сатылгандыгы тууралуу маалымдалган. Аталган окуя тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы тиешелүү органдардан толук маалымат алды.
Жети-Өгүз РИИБдин жетекчисинин орун басары Улан Зикиралиев билдиргендей, өз баласын саткан келиндин ата-энеси жана жакын туугандары жок болуп чыкты.

«Ысык-Көл районунун тургуну Тоң районунун жашоочусуна турмушка чыккан. Бирок үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам кош бойлуу келин күйөөсүнөн кетүүнү чечкен. Бишкек шаарына барган кош бойлуу келин кафелердин биринде иштеп жүргөн. Ал кафенин кызматкери кош бойлуу келинге кардарлардын бири анын баласын сатып алууга, баласын төрөгүчө акча менен камсыз кылууга даяр экендигин айткан.

Бул сунушка макул болгон келинди төрөт маалына 1 ай калганда Барскоон айылына — ымыркайды сатып алууну каалаган аялдын апасынын үйүнө алып келген. Ал эми баланы сатып алууну каалаган аял Россиянын жараны болуп эсептелет жана ошол жакта жашап, эмгектенет. Кош бойлуу келин Барскоон айылына жеткирилген соң баланы сатып алууну каалаган аял Россиядан келип, документтерди өзүнө толугу менен каттатуу аракетин көрө баштаган.

Толгоо башталгандан кийин Жети-Өгүз райондук оорукананын төрөт бөлүмүнө жеткирилген келин дарыгерлерге россиялык айымдын наамындагы паспортту көрсөткөн.

Төрөт бөлүмдүн жетекчилиги көз жарган келинди башка адамга таандык документ менен ооруканадан чыгарган», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул окуя баласын саткан келиндин мурунку күйөөсү — сатылган баланын атасы менен болгон жолугушуусунан кийин ачыкка чыккан. Баласын көрсөтүүнү талап кылган мурунку күйөөсү баласынын сатылганын билип, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Учурда аталган факты боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.

Ал эми баланы сатып алган россиялык жаран жергиликтүү медицина кызматкерлерине өзү төрөгөндүгүн айткан.

Милиция кызматкерлери белгилегендей, кош бойлуу келиндин төрөтүн башка адамдын документи менен кабыл алган төрөт үйдүн жетекчиси менен Жогорку Кеңештин депутаты Э.И. бир тууган эже-сиңдилер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×