Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.09.2015 09:39

Жети-Өгүз районунда байге фонду 500 миң сомго жеткен улуттук оюндардын мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда «Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы», аталышындагы фестиваль өткөрүлдү. Мындай маалыматты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына «Ынтымак Кыргызстан жаштары» бирикмесинин төрагасы Ж.Сулаев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, фестивалдын жүрүшүндө көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо жана аркан тартыш мелдештери өтүп, Жети-Өгүз, Тоң райондорунан келген курама командалар катышты.

IMG-20150928-WA0001

«Мелдешти өткөрүүдө 500 миң сом бөлүнүп, жеңүүчүлөргө ыйгарылды. Жергиликтүүлөр мындай маанидеги фестивалдын өтүүсүнө ыраазычылык билдирүүдө. Быйыл бул фестиваль 7-ирет өткөрүлдү», - деди Ж.Сулаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×