Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.09.2015 10:12

Жети-Өгүз районунда жетинчи ирет ынтымак фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда бул жылы да «Ынтымак жакшы, ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы» аталышындагы фестиваль өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Ынтымак Кыргызстан жаштары» бирикмесинин төрагасы Ж.Сулаев маалымдагандай,фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо жана аркан тартыш оюндары ойношту. Мелдешке Жети-Өгүз, Тоң райондорунан курама командалар келишти.

Аталган бирикменин жетекчисинин айтымында, мелдешке 500 миң сом каражат бөлүнүп, байге фондундагы каражаттар алдыңкы орундарды ээлегендерге ыйгарылды.

Белгилей кетсек, фестиваль быйыл жетинчи ирет уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×