Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.09.2015 12:02

Токмоктун 23-28 жаштардагы тургундары Ысык-Көлдө баңги зат даярдап жүргөн жеринен кармалды

Turmush -  Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз баңги заттарын даярдаган адамдарды кармоого карата атайын операциялык иштер жүргүзүлдү. ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган операция учурунда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында кара куурайдан баңги заттарын даярдап жаткан Чүй облусундагы Токмок шаарынын 23-28 жаштардагы 3 тургуну кармалды. Алардын биринен 10 гр гашиш табылды.

Кармалгандарга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×