Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.10.2015 17:59

Жети-Өгүздөн ымыркайдын 50 миң сомго сатылышы: Окуянын катышуучусу Ү.Арыпова бала сатууга көмөктөшкөн деп айыпталып жаткан дарыгерлерден кечирим сурайт (видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Үмүткан Арыпова бүгүн, 2-октябрь күнү АКИpress маалымат агенттигинин Ысык-Көлдөгү бөлүмүнөн бир жыл мурда болгон бала сатуу окуясы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ү.Арыпованын айтымында, ЖМКда Барскоон айылындагы оорукананын дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы 50 миң сомго сатууга көмөктөшкөндүгү маалымдалган. Ошондуктан ал дарыгерлерден кечирим сурайт.

Жети-Өгүздө ымыркайдын россиялык аялга сатылышы: Жогорку Кеңештеги депутаттын эжеси ата-энеси жок кызды жасалма документ менен төрөткөн

Ү.Арыпова билдиргендей, ал Бишкектен 1995-жылкы боюнда бар кызды ээрчитип келип, өзүнүн кызынын аты менен ооруканага жаткырган.

А 3

«Бул кыздын экинчи төрөтү экен. Ал өзүн мага Азиза деп тааныштырган. Ата-энеси жок экен. Боорум ооруп үйгө алып келгем. 10 күн биз менен жашады. Толгоосу башталганда ооруканага алып барып, менин кызым конокко келген деп, документтери үйүндө калгандыгын айтып жаткыргам. Көз жаргандан кийин 2 күндөн соң ооруканадан чыгарып кеттик. Ал кыздын баласын сатып алган эмесмин. Болгону кийим-кечек алып бергем. Кыргызда деле үйүнө келген кишини кубалабайт да, анан эшикке чыгарып салмак белем», - деди ал.

«Кызды менин кызымдын аты-жөнү менен ооруканага жаткыруу менин идеям болчу. Аларды тергөөгө чакырып, улам-улам текшерүү келип жатканына себепкер болгонум үчүн дарыгерлерден кечирим сурайм», - деп кошумчалады ал.

Ал эми дарыгерлер 2014-жылы 14-август күнү түнкү саат 2де К.А. аттуу айым келип төрөгөндүгүн жана жанында апасы жүргөндүгүн айтууда.

«Көз жара турган айым келген. Толгоосу келип атса, документи жок деп медициналык жардам көрсөтпөй коюуга укугубуз жок.

Аман-эсен көз жарды. Төрөт учурунда апасы жанында жүргөн. Биз башка ат менен көз жарган айым экенин иш козголгондо билдик. Бир жыл мурунку тергөө учурунда бала сатуу фактысы аныкталган эмес», - дешет дарыгерлер.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Төкөлдөш конушундагы 1990-жылы туулган А.Т. аттуу жаран 2015-жылдын 17-мартында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине кайрылып, анын жарандык жубайы А.Н. ошол эле жылдын февраль айында жаңы төрөлгөн кызын белгисиз адамдарга сатып жибергенин билдирген. Ал арызды териштирүү Жети-Өгүз РИИБге жүктөлгөн.

Жети-Өгүз РИИБдин тергөөчүлөрү үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде тийиштүү адамдарды таап, көрсөтмө алууга мүмкүн болбогондуктан Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×