Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.10.2015 08:15

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды, деп билдирди бүгүн, 12-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Рыскелди көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Өрт электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушу менен байланыштуу.

Ошондой эле балдардын от менен ойногондугунан улам Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районунун Атай айылындагы ачык аянтта 6 тонна чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×