Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.10.2015 13:12

Ысык-Көлдө экотехинспекциясынын штаттан тышкаркы инспектору пенсионердин кайыгын уурдап алгандыгы аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл облустук экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын штаттан тышкаркы инспектору пенсионердин кайыгын уурдап алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБдин башчысы Тилек Түкөбаев Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдады.

Анын айтымында, ушул жылдын 7-август күнү укук коргоо органдарына Кара-Булуң аймагынын жашоочусу, 1959-жылы туулган Н. арыз менен кайрылган.

Арызда 6-августтан 7-августка караган түнү анын алюминийден жасалган кайыгы көл жээгинде калган, бирок эртең менен кайыгын таппай калгандыгы жазылган.

Келтирилген зыяндын суммасы 150 миң сомду түзгөн.

«Бул кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында 0267 номурлуу «Казанок» кайыгы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылындагы кой короонун жанында, көлдүн жээгинде тургандыгы аныкталган. Ал эми анын ээси 34 жаштагы Н.Д. экендиги белгилүү болду», - дейт Т.Түкөбаев.

Ал белгилегендей, милиция кызматкерлери Н.Д.нын короосунан жоголгон кайыкты табышкан. Кайык суракта далил катары көрсөтүү үчүн алынды.

Н.Д. кайыкты август айынын башында Кызыл-Суу айылындагы эс алуучу аймактардын биринен уурдап келгендигин мойнуна алды.

Кылмышка шектүү Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×