Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.10.2015 16:30

Ысык-Көл облусунда кара тумоого каршы эмдөө албаган 16 жаран аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун Сырт аймагынын жашоочуларына медициналык текшерүү жүргүзгөн учурда 16 жарандын кара тумоого каршы эмдөө алгандыгы жөнүндөгү аныктамасы жок болуп чыкты. Мындай маалыматты бүгүн, 15-октябрда Каракол шаардык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар бөлүмүнүн башчысы Равшан Маймулов билдирди.

Р.Маймуловдун айтымында, аталган 2 райондун Сырт аймактарында жашаган жарандардын эмдөө алгандыктарын дарыгерлерден түзүлгөн 3 топ текшерип чыкты.

«Өтө кооптуу болгон инфекцияларды жуктуруп албоо үчүн Сырт аймагынын жашоочулары кара тумоого каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө алыш керек. Тургундардын көпчүлүгү эмдөөдөн өткөн, бирок арасында бул маселеге көңүл бөлбөгөндөр, эмдөө алууну каалабагандар да бар», - деди бөлүм башчы.

Аныктамасы жок болуп чыккан 16 жаран кара тумоого каршы эмдөө алуу үчүн кайрадан Каракол шаарына жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×