Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.10.2015 11:21

Жети-Өгүздөгү Дархан айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы ачыкталды

Turmush -  Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Жети-Өгүз районунун Дархан айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2012-жылы Дархан айыл аймагынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик бюджеттен 1 млн сом бөлүнгөн. Бирок, аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери менен «Жоомарт-Элес» ЖЧКсынын өкүлдөрү биргеликте жалган документтештирүү иштерин жүргүзүп, жасалма тендер өткөрүп жеңүүчү катары аталган ЖЧК табылган.

Ушундай жол менен бөлүнгөн акча каражатын Дархан айыл өкмөтү менен «Жоомарт-Элес» ЖЧКсы бөлүшүп алышкан. Суу түтүктөрүн куруу иштери азыркыга бүтпөй турат, деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча УКМКнын материалдарынын негизинде, Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×