Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.10.2015 15:26

Жети-Өгүздө дүкөндү тоноп, сатуучусун зордуктаган кылмышкерлер райондук соттун чечимине нааразы болуп облустук сотко кайрылды

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук соту зордуктоо, адам өмүрүнө кол салуу жана каракчылык үчүн кармалгандарды 14 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратты.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жазында 26 жаштагы М.М. Ж.К. жана Кожомкулов аттуу жарандар милиция тарабынан кармалган.

Кармалгандар, ушул жылдын 2-мартында түнү жүздөрүн беткап менен жаап, колдоруна бычак алышып соода дүкөнүнө киришкен. Дүкөндүн сатуучусун коркутуу менен колу бутун байлап, 100 миң сомдук товарын алышкан.

Андан соң каракчылар дүкөндө сатуучу болуп иштеген, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 27 жаштагы кызды зордукташып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелгендер кармалып, алардын бири жабырланган кыздын бир тууган агасынын досу экендиги аныкталды.

Тергөө иштеринен кийин бардык материалдар райондук сотко өткөрүлүп берилген. Жети-Өгүз райондук соту М.М.ди 16 жылга, ал эми Ж.К.ны 14 жылга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал эми үчүнчү кылмышкер Кожомкулговго карата сот шарттуу түрдө эркинен ажыраттуу өкүмүн чыгарды.

Кылмышкерлер 129, 28-97 жана 168-беренелер менен жоопко тартылды.

Бирок бул 3 кылмышкер райондук соттун чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган.

Учурда алардын арызын облустук сот кароодо. Чечим чыга элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×