Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.10.2015 10:24

Жети-Өгүздө 9-класстын окуучулары сабаган 8-класстын окуучусунун атасы милицияга арыз менен кайрылды

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 9-класстын окуучулары 8-класстын окуучусун сабашты. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБден билдирди деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, Жети-Өгүз РИИБге Тамга айылынын тургуну Сыдыков арыз менен кайрылган.

Арызда: «Ушул жылдын 15-октябрында саат 14:00 чамасында Тамга айылдык орто мектебинин 9-классынын Ы.А., Д.А., Ж.Т. аттуу окуучулары ортодо чыккан чатактын негизинде 8-класстын окуучусу, уулум Сыймыкты сабап денесине залал келтирген», - деп жазылат.

Бул боюнча Жети-Өгүз РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жолдомо берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×