Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.10.2015 10:54

Жети-Өгүз районунун 85 жылдыгы ноябрь айында белгиленет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун 85 жылдыгы ноябрь айында белгиленет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына район акими К.Жудеев маалымдады.

Акимдин маалыматы боюнча, 85 жылдык мааракени өткөрүү ноябрь айына пландалган. Азыркы тапта иш-чараны уюштуруу боюнча комиссия иш алып барууда. Бул маараке район борбору Кызыл-Суу айылында белгиленип, 13 айыл аймагы тарабынан боз үйлөр тигилип, улуттук оюндар көрсөтүлөт. 1-ноябрдан тарта ар бир айыл аймактары 85 жылдыкка арналган спорттук мелдештерди өткөрө башташат.

«Мааракеге райондон сырткары иштеп жүргөн мекендештер да чакырылат. Ошондой эле, райондун өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга сыйлык тапшырылат», - деп кошумчалады К.Жудеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×