Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.10.2015 18:50

Жети-Өгүздө маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздө маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чара Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Шеринбек Шаршеев атындагы балдар музыкалык мектебинин концерттик залында белгиленди. Маданият кызмткерлеринин кесиптик майрамын куттуктап райондук мамлекеттик администрация тарабынан райондогу үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге «Ардак грамоталар», төш белгилер жана баалуу белектер тапшырылды. Аны менен катар, райондук маданият бөлүмү тарабынан дагы сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары, Шеринбек Шаршеев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап концерттик программа тартуулашты.

Белгилей кетсек, 2-ноябрь Кыргызстанда Маданият күнү деп жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×