Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.10.2015 14:36

Фото - Жети-Өгүздө 7 адам менен бараткан жеңил унаа жардан кулап кетти, оор абалдагы жабырлануучулар бар

Turmush -  Бүгүн, 31-октябрда саат 14:30 чамасында Жети-Өгүз районунун Саруу менен Дархан айылдарынын ортосундагы жардан жүрүп бараткан жеринен башкаруусун жоготкон «Хонда Фит» унаасы кулап кетти.

Turmush басылмасына окуянын күбөсү Адилет билдиргендей, учурда унаа кулаган жерде 6 адам оор абалда жатат, 10 жаштардагы кыздын абалы жакшы. Оор абалдагы бир жабырлануучуну тез жардам кызматынын дарыгерлери алып кетти.

Учурда авария болгон жерде милиция кызматкерлери менен тез жардамдын дарыгерлери иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×