Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.10.2015 15:13

Фото - Жети-Өгүздө 7 жүргүнчү менен жардан кулаган жеңил унааны аял башкарып бараткан, жабырлануучулардын ичинде 3 жаштагы кыз бар

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу менен Дархан айылдарынын ортосундагы унаа жолдо 7 жүргүнчү менен жүрүп бараткан жеринен башкаруусун жоготуп, жардан кулап түшкөн «Хонда Фит» унаасын аял киши башкарып бараткан. Жабырлануучулардын арасында 3 жаштагы кыз бар.

Аталган окуя бүгүн, 31-октябрда саат 14:30 чамасында болду. Turmush басылмасына окуянын күбөсү Адилет билдиргендей, учурда унаа кулаган жерде 6 адам оор абалда жатат, 10 жаштардагы кыздын абалы жакшы. Алдын ала маалымат боюнча оор абалдагы бир жабырлануучуну тез жардам кызматынын дарыгерлери алып кетти.

Учурда авария болгон жерде иштеп жаткан милиция кызматкерлери менен тез жардамдын дарыгерлери жабырлануучуларды ооруканага жөнөтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×