Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.11.2015 12:58

Жети-Өгүздө жүрүп бараткан жеринен оодарылып кеткен «Хонда Фиттин» ичиндеги 7 адам жаракат алды (фамилиялар)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жүрүп бараткан жеринен жолдон чыгып, бир нече жолу оодарылып кеткен «Хонда Фит» унаасынын ичиндеги 7 адам ар кандай жаракаттарды алгандыгын РИИБ маалымдады.

Turmush басылмасына маалымдалгандай, аталган авария кечээ, 31-октябрда саат 14:30 чамасында Саруу менен Дархан айылдарынын ортосундагы унаа жолдо болгон.

Маалыматка ылайык, авариядан кийин унаанын ичиндеги 5 адам ооруканага жеткирилди. Жабырлануучулардын бири жандандыруу бөлүмүндө.

Милициянын маалыматына ылайык, «Хонда Фит» башкаруусун жоготкондон кийин оодарылып, көпүрөдөн кулап кеткен. Унааны Саруунун 25 жаштагы тургуну Мээрим Таштандиева башкарып бараткан.

Унаанын жаракат алган жүргүнчүлөрү:

- Саруу айылынын тургуну Сулайманова Нурайым Бактыбековна, 1994-жылы туулган;
- Токмок шаарынын тургуну Сагынбекова Айза Сагынбековна, 1996-жылы туулган;
- Бишкек шаарынын тургундары Алымбаев Нурбек Молдобекович менен Абдыразакова Замира, 1972-жылы туулган;
- Саруу айылынын тургуну Бактыбекова Эркайым Бактыбековна, 2003-жылы туулган;
- Саруу айылынын тургуну Дүйшөнкулова Диана Дөөлөтбековна жана айдоочу М.Таштандиева.

Жети-Өгүздөгү аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө айдоочу М.Таштандиева, жүргүнчүлөр А.Сагынбекова, Н.Алымбаев жана Э.Бактыбекова жаткырылды. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 21 жаштагы Сулайманова Нурайым бар.

Жеңил жаракат алган Д.Дүйшөнкулова менен З.Абдыразаковага медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×