Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.11.2015 09:29

Жети-Өгүз районунун Тамга айылында бөбөктөр түшүм майрамын өткөрүү менен өсүмдүктөрдү айырмалоону үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы «Байчечекей» балдар бакчасынын бөбөктөрү түшүм майрамын белгилешти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган бала бакчанын жетекчиси Мира Мамбеталиева маалымдады.

Бала бакча 2004-жылы АРИС программасынын колдоосу менен ачылып, 2005-жылдан бери мамлекет тарабынан каржыланып келет. Учурда 60 бөбөк тарбияланып, 14 кызматкер эмгектенет.

«Биз бөбөктөр менен бирге ар бир мезгилди өзгөчө белгилейбиз. Түшүм майрамында балдар ар бир өсүмдүктүн аталышын, ал жөнүндө ырларды айтып, дыйкандардын түйшүктүү эмгегин даңазалашты. Эми алдыда кыш мезгилин белгилеп, Жаңы жылды тособуз», - деди жетекчи.

Ал белгилегендей, бөбөктөр түшүм майрамын өткөрүү менен ар бир өсүмдүктү айырмалоону үйрөнүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×