Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.11.2015 10:25

Жети-Өгүздөгү «Кызгалдак» бий тобу Россияда өнөрүн тартуулады (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздө «Кызгалдак» бий тобу бир катар чет өлкөлөргө кыргыз бийин таанытты.

Топтун жетекчиси Мирбек Маматов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ансамбль 2006-жылы 6 кыздан түзүлгөн. Учурда 50дөн ашуун катышуучусу бар.

«Бизде көп кырдуу таланттуу балдар бар. Быйыл Россия Федерациясынын бир катар өлкөлөрүнө барып, кыргыз бийин тартуулап келдик. Көмөк көрсөткөндөр арбын болду. Алардын колдоосу менен бий тобунун 18 мүчөсү чет жактарга бийчилердин өнөрлөрүн тартуулап келдик. Тамга айылындагы маданият борборунун курулгандыгына 50 жыл толду. Биз бул жактан машыгып, ар кыл кароо-сынактарга даярданабыз», - деп билдирди М.Маматов.

«Кызгалдак» бий тобу бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×