Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.11.2015 13:16

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Тамга айылынын китепканасы окурмандарга 5 миң нускадан тышкары электрондук китептерди да сунуштайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын китепканасы 3 жыл аралыгында 1 миңден ашык китеп менен толукталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган китепкананын кызматкери Гүлмира Мейразинова билдирди.

Анын айтымында, ал китепканада 2012-жылдан бери эмгектенет. Китепканада 5 миң нускадагы китеп бар. Ошондой эле, мезгилдүү басылмалар менен үзгүлтүксүз камсыз болуп келет. Китепканада заманбап шарттар түзүлүп, окурмандар ал жерден электрондук китептерди да окуп турушат. Алдыда да китептердин санын көбөйтүү пландалууда.

«Былтыр, 2014-жылы облустагы мыкты китепканачы аталгам. Мектептеги мугалимдер менен тыгыз иштешем, окурмандарым арбын. Мен калкка кызмат кылуудамын», - дейт айылдык китепканачы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×