Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.11.2015 16:53

Жети-Өгүздүн Богатыревка айылында жаңы стадион ачылды

Turmush -  Жети-Өгүздүн Богатыревка айылында жаңы стадион ачылды. Бул тууралуу Жети-Өгүз райадминистрациясынан маалымдалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Липенка айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Богатыревка айылынын жашоочуларынын, жаштарынын өтүнүчүн канааттандырып, айылдан 1 га жер бөлүп, аймактын жергиликтүү бюджетинен 500 миң сом каржылап, стадион курдурду. Стадиондо футбол, волейбол аянтчалары жана спорттун башка түрлөрүнө ылайыктыштырылган аянтчалар бар. Богатыревка айылында ушул кубанычтуу окуяга байланыштуу айыл эли, жаштар, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу жыйын өтүп, кызыл тасма кесилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×