Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.11.2015 19:04

Жети-Өгүздө кылмышка катышкан өспүрүм балдар көбөйүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунда быйыл жашы жете элек 12 баланын катышуусунда кылмыш иши катталган. Бул тууралуу зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйында айтылды, деп билдирет  Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, кылмышка катышкан өспүрүм балдардын бешөө уурулук боюнча, бирөө баңги затын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган.

«Кылмышка катышкандардын көбү ууру кылгандар, бири-бири менен мушташып, ата-энесинин уруксатысыз унааны айдап чыккандар болууда», - дейт райондун акиминин орун басары.

Белгилей кетсек, былтыр, 2014-жылы жашы жете элек 6 баланын  катышуусунда кылмыш иши катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×