Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.11.2015 18:26

Жети-Өгүз районунун 85 жылдык мааракесинин расмий салтанаты 21-ноябрга жылдырылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдык мааракесинин расмий  салтанаты 21-ноябрь күнү болот. Бул тууралуу аталган райондук администрациядан билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маараке алгач 14-ноябрь күнү белгилене турганы айтылган. Облуста башка иш-чаралардын өтүп жатканына байланыштуу мааракени белгилөө күнү кийинкиге жылдырылды.

Мааракеде бул жылдар аралыгындагы райондун калкынын жетишкендиктери, кемчиликтери менен алдыдагы пландары айтылып, эмгек ардагерлери жана өз иши менен эл арасында кадыр-баркка ээ болгон атуулдар сыйланышат.

Ошондой эле, ири спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×