Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.11.2015 10:40

Жети-Өгүз районунун тарыхын камтыган китеп 500 нускада жарык көрөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунун 85 жылдыгына карата  райондун тарыхын, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган 500 нускадагы китеп чыгарылууда. Бул тууралуу  район акиминин орун басары Мурат Раматов Turmush басылмасынын кабарчысына  билдирди.

М.Раматовдун айтымында, китепте райондун өнүгүүсүнө салым кошкон атуулдар, айыл өкмөттөрдүн тарыхы жана жергиликтүү башкаруу органдарында иштеген жетекчилер тууралуу маалыматтар чагылдырылат.

«Китеп 114 беттен турат. Ага акыркы 5 жылдагы  жетишкендиктерди жаздык. Китепке  237 миң сом каражат сарпталды», - дейт М.Раматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×