Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.11.2015 12:56

Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылындагы жаңы курулган мектеп бир айдан соң ишке берилет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылындагы жаңы курулган мектеп бир айдан соң өз ишин баштайт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына «Тунук курулуш» ишканасынын башкы инженери маалымдады.

Айылдагы жаңы курулуп жаткан мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 25 млн сомго бааланган. «Учурда мектептеги курулуш иши 65% аткарылып, бир айдан соң окуучулар жаңы мектепте окуйт», - дешет куруучулар. 225 орундуу мектепте заман талабына ылайык шарттар түзүлүүдө. Буга чейин окуучулар кооптуу абалдагы билим уясында окуп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×