Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.11.2015 13:35

Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылында жаштардын демилгеси менен күрөш залы ачылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылында жаштардын демилгеси менен күрөш залы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жаштар лидери маалымдады.

Айылдагы жаштарды спортко тартуу максатында айыл жаштары демилге көтөрүп, спорт зал курууну сунушташкан. Айыл аймак башчысы тарабынан колдоо болуп, жаштардын салымы менен күрөш залы өз эшигин ачты.

Жон-Булак айылынын жаштарынын лидери Азат Асанказиев маалымдагандай, учурда спорт ордого келгендер арбын. «Келечек ээлери терс көрүнүштөрдөн алыс болуп, сергек жашоого умтулуусу керек. Бул жакта атайын машыктыруучулар иш алып барышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×