Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.11.2015 16:43

Жети-Өгүздө 5 жылдан бери салынып жаткан мектептин курулушу аяктап, эски мектепке жылуулук берилди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 5 жылдан ашык убакыт салынып жаткан мектептин курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына мектептин директору Рахат Абдиев билдирди.

Анын билдирүүсүндө, Аскарбек Алыбаков атындагы орто мектебинде учурда 568 окуучу 3 кезметте билим алууда. Директордун айтымында, мектеп 53 жыл мурда салынып 310 окуучуга негизделген.

«Бул жерде иштөө жана окуу оор. Өзгөчө кошумча сабак өткөрүү керек болгондо оорчулуктар болот. Дубал бийик болгондуктан жылытуу кыйынга турат. Кичинекей мектепти жылытыш үчүн көп көмүр сарпталат», - дейт директор.

Тендерди утуп алган компания 2012-жылы курулуш иштерин токтоткон. Мектептин курулушун каржылап жаткан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду бул жылы кайрадан тендер өткөрүп, август айынан баштап курулуш иштери жанданган. Жаңы мектеп 320 окуучуга негизделип, ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Спорт залы кийинки, 2016-жылдын 1-сентябрына карата даяр болот.

Ошондой эле, кошумча бөлүнгөн каражаттын эсебинен эски жана жаңы мектепти жылыта турган казандар турган жай оңдолду.

Белгилей кетсек, 18-ноябрга чейин окуучулар муздак класстарда окууга аргасыз болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×