Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.11.2015 10:29

Жети-Өгүздө башкаруусун жоготуп, бакты сүзгөн «Москвичтин» айдоочусу каза болду, жабырлануучулар бар

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылынын аймагында башкаруусун жоготкон «Москвич» унаасынын айдоочусу каза болду.

Бүгүн, 25-ноябрда ӨКМ билдиргендей, унаа башкаруусун жоготкондон кийин бакты сүзгөн. Куткаруучулар жабыркаган 6 жүргүнчүнү унаадан чыгарып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди. Каза болгон айдоочу менен жабырлануучулардын аты-жөнү такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×