Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.11.2015 17:54

Жети-Өгүз районундагы мугалимдер менен окуучулар «Түшүм-2015» майрамын кызуу белгиледи (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда «Түшүм-2015» иш-чарасы өткөрүлдү, деп кабарлайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз районунун 600дөн ашык калкы бар Кытай айылында күз майрамы Турдубек Дыйканбаев атындагы орто мектепте өткөрүлдү. Түшүм майрамына райондогу 27 айылдын клуб башчылары күбө болушту.

Мектепте окуган 136 окуучу менен мугалимдери жашылча-жемиштерден жасалган тамак-аштын 20дан ашуун түрүн даярдап келишкен. Окуучулар келген меймандарга дыйкандардын эмгегин даңазалоо менен катар ыр-бийлерин да аткарып беришти.

Түшүм майрамынын соңунда жыйынтык чыгырылып, алдыңкы 1-2-3-орундарды алган класстарга Ардак грамоталары тапшырылды.

Анын жүрүшүндө Кытай айылынын башчысы белгилегендей, айылда күнөскана иштетип, асыл тукум мал асыраган дыйкандар көбөйдү. Ошондой эле, бул демилгени көтөрүп, жаштардын башын бириктирүү максатында айылда маданий иш-чараларды уюштуруп келген айылдык кеңештин депутаты Максат Курманалиевге айыл эли ыраазычылыгын жолдошту.

Түшүм майрамы айылдагы спорт ордосунда тартууланган концерттик программа менен коштолуп, окуучулар патриоттук ырларды ырдап, кыргыз бийлерин бийлешсе, маданият кызматкерлери жандуу үн менен обон созушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×