Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.11.2015 08:32

Жети-Өгүздө он ай аралыгында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 9 жол кырсыгы катталып, 2 бала каза болгон

Turmush -  Жети-Өгүз районунун аймагында ушул жылдын 10 айынын ичинде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда 9 жол кырсыгы катталып, 2 бала каза тапты. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук жол кайгуул кызматынын ага нускачысы Тимур Акматов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Т.Акматовдун айтымында, 9 жол кырсыгынан 13 өспүрүм ар кандай жаракат алган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу аз. «2014-жылы ушул айларда өспүрүмдөрдүн катышуусунда 17 жол кырсыгы болуп, 6 бала каза болсо 15и ар кандай жаракат алган», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×