Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.12.2015 16:10

Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы Ж.Чабалдаев мектебинде экологиялык багыттагы билимди өркүндөтүү максатында долбоор иштеп жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы Ж.Чабалдаев атындагы мектепте Ысык-Көл биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын колдоосу менен экологиялык багыттагы «Үлгү катары көрсөтүлүүчү мектеп» долбоору башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Пилоттук мектептин ачылышына Ысык-Көл биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын башкы директору, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Жети-Өгүз райондук администрациясынын өкүлдөрү жана айыл аймагынын башчысы катышты.

Долбоордун негизги максаты экологиялык багыттагы билимди өркүндөтүү болуп саналат. Мектепте эксперимент жүргүзүүчү аянт, дендрологиялык бакча жана экология бөлмөсү бар. Ал жер заманбап техника жана тиешелүү инструменттер менен жабдылган. Ошондой эле, долбоордун алкагында күнөскана жана жаныбарларды багуучу жай куруу пландалууда.

Аталган мектепте окуучулар үчүн экологиялык багыттагы 4 ийрим иштеп, «Жашыл жашоо» экоклубу уюштурулган. Ага 20 окуучу кирген.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган долбоордун алкагында Ж.Чабалдаев мектебинин мугалимдер жамаатына ландшафт дизайны жана экологиялык таза продукциялар менен иштөө ыкмасы боюнча тренингдер өткөрүлгөн. Окуунун жыйынтыгында катышуучуларга тастыктамалар тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×