Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.12.2015 13:54

Жети-Өгүздүн Кытай айылында Т.Дыйканбаев атындагы орто мектептин чатыры жаңыртылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кытай айылында Т.Дыйканбаев атындагы орто мектептин чатыры жаңыртылды. Бул тууралуу Ырдык айыл аймагынан маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз районунун Кытай айылында Т.Дыйканбаев атындагы орто мектептин чатыры эскиргени менен көп жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй келген. Учурда мектептин чатыры жаңыртылып, иш сапаттуу бүткөрүлдү. Чатырды алмаштырууга жергиликтүү бюджеттен жана өздүк салымдан 316 миң 500 сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×