Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.12.2015 11:12

Улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо максатында Жети-Өгүздүн Ырдык айыл аймагында сармерден өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо максатында Жети-Өгүздүн Ырдык айыл аймагында сармерден өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Ырдык айыл аймагынын башчысы Т.Кулдаев билдирди.

Жети-Өгүз районунда 2 айдан бери айыл аймактар тарабынан сармерден өткөрүлүп келет. Ырдык айыл аймагындагы Балтабай айылында өткөн сармерденге 8 улуттун өкүлдөрү катышышты. Сармерденде ар бир улут өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип, ыр-бийлер аткарылып, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Маданий иш-чаранын уюштурулушуна айыл аймагы каражат бөлгөн.

Сармерденде калыстар тобу ар бир катышуучуга баа берип, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×