Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.12.2015 09:58

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы мончодон жергиликтүү тургундун алтын, күмүш зер буюмдары уурдалды

Turmush -  Айылдык тургундун алтын, күмүш зер буюмдары мончодон уурдалды. Бул тууралуу Жети-Өгүз РИИБ маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын А. аттуу тургуну РИИБге арыз менен кайрылган.

«Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында саат 18.00 чамасында айылдагы Базар көчөсүндө жайгашкан мончонун кийим чечкен жеринен жогоруда аталган тургундун сумкасынын ичинен алтын шакегин, алтын билеригин, күмүш сөйкөсүн, күмүш шакегин, күмүш чынжырчасын, капчыгын жана «Самсунг-Галакси» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкен», - деп маалымдайт тергөө бөлүмү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×