Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.12.2015 17:42

Жети-Өгүздө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар спорт жаатында мелдешишти (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Ырыскы» коомдук бирикмеси «Биз биргебиз» деген аталыштагы иш-чараны уюштурушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Мурат Раматов билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын май айында түзүлгөн уюм иш-чаранын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спорттук мелдеш уюштурду. Ал үчүн жеке компания тарабынан 114 миң сом бөлүнгөн. Ал каражаттын эсебинен мелдештин катышуучуларына баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×